"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар кредит алат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.

Ал  18-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан  кабыл алынган. Ага ылайык, абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу максатында өлкө 50 миллион доллар кредит алат.
Бул каражат төмөнкүлөргө жумшалат:

абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;

абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;

абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;

абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;

жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;

Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.

сүрөт: интернеттен алынды


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version