УКМК нын төрагасы бир нече иш-чарага катышты:
▪️Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине спорт комплексинин курулушуна капсула салды. Имарат 2 кабаттан турат, биринчи кабатында күрөш залы, кийинүүчү, медициналык бөлмөлөр болсо, экинчи кабаты машыгуучу зал болот. Спорт комплекси 2025-жылдын сентябрында ишке кирери айтылды
▪️Аймактагы УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакчаны ачууга катышты. Ал 120 балага ылайыкталган
▪️Ошондой эле 25-октябрда үч эм төрөгөн энеден кабар алды. Ташиев үч кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө президенттин атынан 500 миң сом, Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, башка дагы белек-бечкек тапшырды
Сүрөттөр: УТРК Нарын