"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Камчыбек Ташиев бүгүн Нарын облусуна барды

Соц.тармактарда бөлүшүү

УКМК нын  төрагасы бир нече иш-чарага катышты:

▪️Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине спорт комплексинин курулушуна капсула салды. Имарат 2 кабаттан турат, биринчи кабатында күрөш залы, кийинүүчү, медициналык бөлмөлөр болсо, экинчи кабаты машыгуучу зал болот. Спорт комплекси 2025-жылдын сентябрында ишке кирери айтылды

▪️Аймактагы УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакчаны ачууга катышты. Ал 120 балага ылайыкталган

▪️Ошондой эле 25-октябрда үч эм төрөгөн энеден кабар алды. Ташиев үч кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө президенттин атынан 500 миң сом, Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, башка дагы белек-бечкек тапшырды

 

Сүрөттөр: УТРК Нарын


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version