БИШКЕКТЕ ТАШДАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Борбор калаада таштандыны жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушу башталды. Акылбек Жапаров ага капсула салды.

Кайра иштетүүчү завод суткасына 850 тоннага жакын таштанды утилизация кылат. Анын аймагына таштанды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар салынат.

Өкмөт баары экологиялык жактан таза болорун убадалады. Түтүн газын тазалоонун көп баскычтуу системасы колдонулуп, күл химиялык реагенттер менен дезинфекцияланат.

Завод 2025-жылдын ноябрында ишке киргизилери күтүлүүдө.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *