Алгачкысы Чүй облусунун Москва районунда ишке кирди. Бакча эртең менен жана түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 балага ылайыкталган.
Билим берүү министрлиги Кыргызстанда жалпысынан кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөрүн билдирди. Алар 3-6 жаштагы 40 миңге жакын балага мектепке чейинки билим берет.
Кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык программаны сунуштайт, уктоо жана тамак берүү каралган эмес.