ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 29-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында I, II, III орунду ээлеп, жеңүүчү аталган 52 окуучу сыйланды. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министринин маалымат  кызматы билдирди.

Сыйлоо аземине Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Муратбек Касымалиев жана Лира Самыкбаева, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышып, жеңүүчүлөргө сертификат жана белектерди тапшырышты.

Министрдин орун басары Муратбек Касымалиев окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдерге жана балдарына колдоо көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, аларды жеңиши менен куттуктады.

26-27-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын республикалык этабында 323 окуучу 12 предмет боюнча ат салышты.

Жыйынтыгында:

Бишкек шаары – 18 алдыңкы орун;
Ош шаары – 8 алдыңкы орун;
Нарын облусу – 6 алдыңкы орун;
Жалал-Абад облусу – 5 алдыңкы орун;
Чуй облусу – 4 алдыңкы орун;
Ысык-Көл облусу – 4 алдыңкы орун;
Баткен облусу – 4 алдыңкы орун;
Ош облусу – 2 алдыңкы орун;
Талас облусу – 1 алдыңкы орунга ээ болду.

Тизме – https://edu.gov.kg/posts/2727/

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *