Баткен мамлекеттик университети Седжон институту менен биргеликте корей тилин үйрөтүү борборун ачты. Бул тууралуу БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек билдирди.
Маалым болгондой, борбор учурда Баткен облусунун 25-50 жашка чейинки курактагы жарандарын Түштүк Корея Республикасында сезондук жумуштарга орноштуруу үчүн корей тилин үйрөтөт. Баткен шаарына 2024-жылга 20 квота берилген.
2024-жылдын апрель айынан окуу курстары башталып, 2 ай уланат. 2 айдын жыйынтыгы менен окугандар Түштүк Корея Республикасына сезондук жумуштарга барууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан кийинки этапта, БатМУнун М.Тайиров атындагы КГПИнин базасында Корей борборун ачуу боюнча макулдашууга кол коюлду.