Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата өлкөнүн жети дубанында “Конференциялар кербени” аттуу масштабдуу иш-чаралар өтүүдө.
“Конференциялар кербени” Баткен облусунан старт алды.
Конференцияда Баткен облусунун каржы-экономикалык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде учурдагы көйгөйлөр, келечек жана өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.
Жыйынды ачып жатып, КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Баткен облусунда акыркы жылдары салык, каржылык көзөмөл жана акча жүгүртүүнү жөнгө салуу жаатында көптөгөн маанилүү кадамдар жасалганын баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков сөз сүйлөп, жыйындын катышуучуларын келе жаткан Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Мындан тышкары шаарлардын мэрлери сөз сүйлөп, анда шаардык инфраструктуранын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Конференциянын катышуучулары туруктуу мамлекеттик финансы потенциалын жана Баткен облусунун финансы системасын өнүктүрүү перспективаларын талкуулап, каржылык-экономикалык саясаттын катышуучуларынын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бюджеттин киреше бөлүгүн эффективдүү өстүрүүнүн механизмдерин сунуштай алышты.