Баткен райондук сотунун кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына тарбиялык сааттар өткөрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен райондук сотунун судьясы Болот Садыков жана судьянын жардамчысы Салима Эргешова Баткен шаарындагы Жоомарат Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучуларына “Мектеп окуучуларынын укуктары”, “Юрист” деген темаларда ачык сабак жана чакан экскурсия өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой  жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп,  мектеп окуучулары жарандык иш боюнча ачык соттук отурумга катышкан.

Салима Эргешованын айтымында бул иш-чаранын максаты мектеп окуучуларынын негизги укуктары боюнча билимдерин жалпылоо, «Укук» жана «Милдет» түшүнүктөрүн ажыратып, мыйзамсыз аракеттерге терс мамилени калыптандыруу жана балдардын укуктарын коргоого, башка адамдардын укуктарын урматтоого тарбиялоо жана активдүү жашоо позициясын калыптандырууга салым кошуу болуп саналат.

Жыйындын соңунда судья Болот Садыков окуу жайдын жетекчилигине жана окуучуларга ийгиликтерди каалап, сот тутумуна позитивдүү көз карашты калыптандырууга, мыйзамды сыйлоого көмөк көрсөтүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *