Баткенге жети дубандын журналисттери келишти

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткенге жети дубандын журналисттери келишти
БАТКЕНДЕГИ БИР КҮН.
Баткенге жети облустук гезиттин редакторлору менен журналисттери келишти. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгынын алкагында өткөн иш чаранын максаты- акыркы эки жылда Баткен эли башынан кечирген олуттуу окуяларды, өрүкзарлуу өрөөндүн мекенчил, баатыр элинин меймандостугун көрсөтүү болчу.
Менимче бул иш чара өз максатына жетти деп ойлойм. «Миң уккандан бир көргөн» дегендей облустук гезиттин редакторлору менен журналисттери чек ара жаңжалдары болуп өткөн бир катар айылдарда болушту. Каарман, мекенчил жана баатыр эл менен баарлашты. Мекенимдин бир метри үчүн деп жашаган меймандос элдин сыйын көрүштү. Ошол каардуу окуядан кийин кайрадан курулган Капчыгайда болушту. «Жети дубандан журналисттер келишиптир» дешип, сары майы, өрүк, куруту, нан тузу менен тосуп алып жатышты. Баатыр элдин баатырдыгы эле эмес меймандостугун да өз көздөрү менен көрүшүп, көздөрүнө жаш алышкан редакторлор менен журналисттер Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш турушкан аксайлыктардын өзгөчөлүгү жөнүндө кеңири маалымат алып кайтышты.
Кыска аралыкта бардык шарттары менен калыбына келтирилген айылдарды, үйлөрдү көрүп чыгышкан аймактык журналисттер мамлекеттик колдоолорго күбө болушту. Жергиликтүү калк – аксайлыктар Президентке, Министрлер Кабинетине, жергиликтүү бийликке ыраазычылык айтышты. Өзгөчө оор күндөрдө колдоо көрсөткөн жалпы кыргыз эли бар болсун дешти.
Баары, баары чын жүрөктөн айтылган сөздөргө, меймандос мамилеге, мекенчилдик сезимдерге күбө болушкан коллегалар эми ар бири өздөрүнүн облустук гезиттеринде БАТКЕНДЕГИ БИР КҮН… боюнча тарых үчүн атайын гезит чыгармай болушту.
Ооба, жети дубандан келген облустук гезиттин редакторлору менен журналисттерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Соңунда айтарыбыз, кыргыз элинин баатырдыгынын, меймандостугунун, мекенчилдигинин үлгүсүн көрсөткөн Баткен жергесине жети облустун аксакалдары, дарыгерлери, мугалимдери, керек болсо жаштары үчүн да ушундай иш чара өткөрүү туура жана таасирдүү болчудай. Себеби, биздин өлкөнүн биримдиги, өлкө башчысынын чечкиндүүлүгү, күч түзүмдөрүнүн баатырдыгынын, жергиликтүү элдин мекенчилдигинин чыныгы үлгүсү Баткенде жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин макулдугу менен өткөн иш чаранын алкагында “Баткен таңы” облустук гезитинин 25 жылдык юбилейлик медалы да чыгарылды. 4300 нуска менен жума сайын жарык көрүп келген бул басылма өлкөдөгү эң мыкты аймактык гезит. Эки өлкө менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймактын маалыматтык коопсуздугунун алдын алууда өзүнүн мыкты миссиясын аткарып жаткан гезиттин алдында өзүнүн сайты, фейсбук баракчасы да бар. 6000ге чукул катталуучулары бар “Баткен таңы” гезити чыныгы элдик гезит. Биринчи маалыматты бизден окуңуз.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *