БАТКЕНДЕГИ КУРАЛДУУ КАГЫЛЫШТА КАЗА БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.
Алгач чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.
Бул күнү чек ара окуяларында каза болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.
Ошондой эле чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын жаркын элесине арналган, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин, кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылып, оюн башталды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *