Баткенде Чернобыль авариясынын курмандыктары эскерилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Чернобль апаатынын катышуучуларын эскерүү иш чарасына КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.
Андан соң КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев сөз сүйлөп, “жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган, экономикалык жана экологиялык жактан орду толгус зыян алып келген Чернобль окуясын, ядролук энергетика жаатындагы эң ири авария деп белгилеп, бул чоң кыйроодо, өмүрүн жана ден соолугун аябастан, радиациялык кырсыкка каршы күрөшкөндөр, чыныгы азаматтар. Сиздер бүтүндөй жер шарын алааматтан сактап калгансыздар. Сиздердин эмгегиңиздерге таазим этебиз. Ал эми курман болгондордун эмгеги, эрдиги түбөлүккө сакталат” деди.
Белгилей кетсек, авариянын кесепетттерин жоюуга беш миңдей кыргызстандык катышкан болсо, анын 146 сы Баткен облусунун тургундары болгон.Бүгүнкү күндө алардын 72си
арабызда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *