БАТКЕНДЕН ЕАЭБге КУЛПУНАЙ ЭКСПОРТТОЛУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айыл аймагында жайгашкан “Кызыл Алтын” айыл чарба кооперативи ЕАЭБ мейкиндигиндеги өлкөлөргө кулпунай экспорттоону баштады.
Кооперативдин курамында учурда 14 адам эмгектенүүдө. Алар “Клери” сортундагы кулпунайды өстүрүп, 1 гектардан орточо 30 тоннага чейин түшүм алууда. Жыйналган продукция Россия жана Казакстан мамлекеттерине экспорттолуп, 1 килограммы 420–430 сомдон сатылууда.
Министрлик мунун аймактагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана дыйкандардын кирешесин жогорулатууга олуттуу салым кошо турганын белгиледи.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *