Лейлек
ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 39 ЖЫЛ
2025-жылдын 26-апрелинде Лейлек райондук маданият үйүндө Чернобыль атомдук электр станциясындагы аварияга 39 жыл толушуна карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, ага райондук жетекчилер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ардагерлер, аскер кызматкерлери, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Лейлек районунун акими Канатбек Осмонбеков Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип, аларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле райондун аскер комиссары Улукбек Бегалиев жана Раззаков шаарынын мэри Айбек Жоробаев да катышуучуларды куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Чернобыль авариясынын катышуучуларынын бирикмесинин төрагасы Калыбек Рахманов иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө А.Навои атындагы орто мектептин окуучулары жана райондук маданият үйүнүн кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.
Маалымат үчүн: 1986-жылы 26-апрелге караган түнү болгон Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга 500 миңден ашуун адам тартылган. Кыргызстандан 3 200гө жакын жаран катышкан, алардын катарында Лейлек районунан да ондогон жарандар болгон. Учурда алардын ичинен 13ү арабызда жашап келишүүдө.




