ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО ЖАНА КОРГОО

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен JIA жана Ишкердикти Колдоо Борбору Баткен обласынын Прокуратурасы менен биргеликти Маалыматтык жыйын өткөрдү.
Маалыматтык жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунун прокуратурасынын жана Баткен шаарынын, Баткен районунун салык кызматынын кызматкерлери Салык кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, ишкерлердин актуалдуу суроолоруна жооп беришти. Ишкерлер бизнести өнүктүрүү жана Ишкерлердин укуктарын коргоо кодексиндеги жогоруда аталган органдардын функциялары, ошондой эле бул жааттагы жаңылыктар жөнүндө маалымат алышты.
Андан сырткары ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүүзүгө убактылуу тыюу (мараторий) киргизүү жөнүндө” жарылыгы боюнча кенен маалымат алышты.
Бул иш-чара ишкерлердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле мамлекеттик органдардын колдоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *