Баткен шаарында үй тибиндеги бала бакча ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен шаарынынын тургуну Наргиза Нооманжан кызы 25 орундуу үй тибинде бала бакча ачты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой бүгүн, 3-октябрда Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Кошбаева, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсан Турдубаевдердин катышуусунда бала бакча ачылды.
Калаа башчысы Имамназар Бурканов “Өкмөттүк акселлераторлор” программасын ишке ашыруу максатында Баткен шаарында жеңилдетилген талаптар менен үй-тибиндеги балдар бакчасын ачкан Наргиза Нооманжан кызына ыраазычылыгын билдирди.
Баткен шаарында, жеңилдетилген талаптар менен үй-тибинде бала бакча ачууну каалаган ишкерлер Баткен шаарынын мэриясына кайрылса болорун эскертет.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *