Баткен областынын прокуратурасы тарабынан “Бизнес ассоциация ЖИА” Ишкердикти колдоо борборунун өкүлдөрү менен биргеликте Баткен облусунун аймагындагы жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.



Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-жылдагы №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, 04.03.2021-жылдагы ПЖ №61 “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, 07.12.2022-жылдагы ПЖ №388 “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 09.01.2024-жылдагы №1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 23.01.2024-жылдагы 2-к сандуу көрсөтмөсү тууралуу жана ишкердик субъекттеринин укугун коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин колдонуунун пайдасы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жолугушуу суроо жооптор менен коштолуп, ишкерлер оздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.


