9 айда 1 баш чөө, 2 баш ит, 1 баш уйдун кутурма ылаңы катталган
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин «Карышкырларды, чөөлөрдү, түлкүлөрдү жана жолбун иттерди аттыруу жөнүндө» буйругу жарыяланды. Аталган буйрукту ишке ашыруу максатында аткарылчу иш чаралардын планы кабыл алынды.
Кабыл алынган иш чаралардын алкагында жетекчилерге ар бир райондо, шаарда, ар бир айыл аймактарында карышкыр, чөө жана жолбун иттерди аттыруу боюнча мергенчилердин топторун уюштуруу, атуу графигин түзүп, зарыл учурларда мергенчилерди которуштуруп жиберип туруу тапшырмалары берилди. Ошондой эле район-шаарлардын аким-мэрлерине буйрукту аткарууну камсыз кылуу максатында жумушчу кеңешмелерди өткөрүү, бул тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилди.
Мындан сырткары тиешелүү жетекчилерге карышкыр атууга тартылган мергенчилерге ок атуучу куралдарды берүүнүн мыйзамдуулугун сактоо, атылган карышкыр, чөө жана жолбун иттерди көмүүдө ветеринардык жана санитардык талаптарын сактоону көзөмөлгө алуу жагы айтылды.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 9 айында 1 баш чөө, 2 баш ит, 1 баш уйдун кутурма ылаңы катталган. Аларга тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп, оорунун очагдары жок кылынган.