Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Арпа-Сай орто мектебинин кошумча имараты пайдаланууга берилди.
Иш чарага катышкан Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Болоткан Баяке уулу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Мухаммад Абдул Каримге ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташтыкта иш алып барууну белгиледи.
Эске сала кетсек, буга чейин бул мектепте класстык кааналар жетишпей көйгөй жаралып келген.
Учурда кошумча 100 орундуу мектеп имараты “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып пайдаланууга берилди.