Мындай демилгени “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмеси көтөрүп чыгышкан. Өздөрү демөөрчү болушуп, мектептерде жаш муундардын мекенчилдик сезиммин ойготкон иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келишет. Бул жолу “Мекенди коргоочулар коомдук бирикмеси Кадамжай районуна караштуу А.Торолиев атындагы орто мектебинде Афган согушунун ардагери, Баткен коогалаңдарынын катышуучусу Имамбаев Салымжан Кенжебаевичтин атына коюлган “Аскерге чейинки даярдоо” канасын ачышты.
Келечек муундарды тайманбастыкка мекенчилдикке, чынчылдыкка үндөгөн бул иш чарага айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышты. Жыйынтыгында “мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Джайлообай Эшанкулов жана Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Алмазбек Шараповтор мыктыларга төш белги, грамоталарды тапшырды.