Кадамжайда кызамыкка каршы эмдөө иш-аракеттери күчөтүлөт

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжай районунда кызамыкка каршы эмдөө боюнча иш-аракеттер күчөтүлөт. Быйыл өлкөнүн аймагында кызамык оорусу күч алып, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жер-жерлерде эмдөө иштерин күчөтүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

Уч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун маалыматына таянсак, Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагында эмдөөдөн баш тартып жаткан жарандардын көбөйүп жаткандыгынан улам, район башчысы Болоткан Баяке уулу Уч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жыйын өткөрдү.

Жыйынга Уч-Коргон айыл аймагынын медицина кызматкерлери, айыл башчылары, дин өкүлдөрү жана жергиликтүү актив катышты.

Жыйындын максаты – эмдөөдөн баш тартып жаткан үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар менен тыгыз иш алып баруу.

Жыйында жергиликтүү бийликтин чечими менен район аймагындагы ЖДПБнун директорлору эмдөө графигин түзүп, калк арасында эмдөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу керектиги милдеттендирилди.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *