Аксы районунда 50 жаштагы жаран аялын мыкаачылык менен сабап, ал ооруканада каза болду.
51 жаштагы аял 10-январга караган түнү Үч-Коргон айылдык ооруканасына сабалган, эсин жоготкон абалда жеткирилген. Тилекке каршы, ал таңга маал үзүлгөн.
Анын агасы күйөө баласына чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.
Бул иш боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, аялдын 51 жаштагы күйөөсү кармалды.