Лейлекте бала бакчанын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Сумбула айылында (мурда – Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз жер тилкесин   менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды..

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалып жатканын УКМК кызматы кабарлайт.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *