Американын Лос-Анджелес округун Калифорния каптаган өрттүн кесепетинен кеминде 24 адам каза болгонун Fox News билдирди.
Штаттын губернатору Гэвин Ньюсом келтирилген зыяндын масштабы боюнча бул табигый кырсык АКШнын тарыхындагы эң жаманы болушу мүмкүн экенин айтты.
Лос-Анжелестин чет жакаларында 7-январдан бери уланып жаткан токой өрттөрү 40 миң гектарга жакын аянтты күйгүзүп, 12 миңден ашык имаратты кыйратып, 150 миңдей киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Келтирилген зыян буга чейин 150 миллиард доллардан ашкан.