Бул маселе Баткенде медицина кызматкерлеринин жыл жыйынтыгын чыгарган колегиялык жыйында айтылды. Ага Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана КР Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлунүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.
Жыйынга облус боюнча баардык район шаарлардагы саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилери, дарыгерлер катышты. Алган жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыл мыктыларына акчалай сыйлыктар жана дипломдор берилди. Андан соң колегиялык жыйындагы үч маселе-саламаттыкты сактоо тармагындагы бир жылда аткарылган иштери жана финансы маселелери каралды.
Облустук саламатыкты сактоо тармагынын кординатору Арзыбек Бөрүбеков өткөн жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча кеңири маалымат берди. Айтылган маалыматтарга таянсак Баткен облусу боюнча саламаттыкты сактоо тармагы 95 дарыгерге муктаж. Олутуу бул маселени чечүү буга чейин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчулүгүндө өткөн колягеялда каралгандыгын эске алсак дарылерлердин жетишсиздиги облус тургундары үчүн көп көйгөйлөрдү жараткан маселе. Алар терепевттер, педиатр, үй бүлөлүк дарыгерлер.Мындай кырдаалда облустагы 583 362 калкты ойдогудай тейлөөдө кыйынчылыктар пайда болууда.
Дагы бир маселе аймакта ымыркайлардын төрөлүүсү 2023 жылга салыштырмалуу 2024 жылы 1360 ка азайып кеткен. Ошол эле учурда аялдардын өлүмү 2023-жылга салыштырмалуу экөө болсо, 2024-жылы төрткө жеткен. Ал эми ымыркайлардын өлүмү бир жыл ичинде 23 кө азайган. Балдардын өлүмү боюнча 2023-жылы 232 көп болсо былтыр 40 кем бала кайтыш болгон.
Баткен облусунда калктын ФАП жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуусу көбөйгөн. Ак халатчандардын жыйынында жаңы алынган медициналык апараттар, шаймандар жана жаңы имараттардын ачылышы жыл ичинде жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтылды.