“Кыргыз жараны”
Федор Сидорков: Кадамжай району: «Көпчүлүк мени “Кыргыздын орус баласы дешет”
Кадамжай районунда төрөлүп, кыргыз балдары менен бир мектепте окуган Федор кыргыз тилинде эркин жана таза сүйлөйт. Анын кыргызча так жана даана сүйлөгөнүн көрүп, жүрөгүм жылып, төбөм көккө жетти.
Каарманым анча-мынча орусча сүйлөгөн жаштарга кыргызча сүйлөөнү үйрөтүп коем дейт. “Көк асмандай көздөрүм күлмүңдөп турган жөнөкөй жигитмин” деген тамашаны жакшы көргөн Федор буларга токтолду: – «Кичинекей кезимде эле кадамжайлык досторум менен ойноп жүрүп кыргызчаны үйрөнүп алганмын. Улутум орус болгону менен кыргызча “суудай” билемин. Албетте, мен үчүн эки тил оң көзүм менен сол көзүмдөй, же эки канатымдай. Бири-бирине эриш-аркак. Кыргызча таптак сүйлөгөнүмдү угушкан кыргыздардын бүт бардыгы мени кандайдыр бир урмат-сый менен карап, кыйбас адамындай, жакынындай сезип турганын ар дайым байкаймын. Элди жакындаштыруунун, достугун бекемдөөнүн зор куралы ошол элдин тилин, салт-маданиятын билүү деп ойлойм. Ким кайсы жерди жердесе элин да, тилин да сыйлашы керек. Кыргыз жеген нанды жеп, суусу менен сүтүн ичсем, абасынан бирге дем алсам, айкөл Манас сүйлөгөн тилде сүйлөсөм, баарынан да Кадамжайдай куттуу жерде киндик каным тамса, анан кантип кыргыз болбойм. Мен көп жерде кыргызча так сүйлөп койсом баардыгы таң калышат. Бирок азыр көп нерсеге таң калбай деле койсо болот. Кыргызча суудай сүйлөгөн башка улуттар өтө көп. Базарларда кызыктуу окуялар көп болот. Көбүнчө сатуучулар менен соодалашканда, алар менин кыргыз тилинде сүйлөп жатканымды сыйлап, кыргызча сүйлөгөнүмдү баалап, буюмдун баасын төмөндөтүп беришет. Досторум да сөз байлыгыма, кыргыз тилинде ширин сөздөрдү сүйлөгөнүмө таң калышат. Кыргыз улутундагы досторум, тааныштарым өтө көп. Андыктан, күнүмдүк жашоодо кыргызча сүйлөйм. Азыр анча-мынча кыргыздар кыргыз тилин жакшы сүйлөшпөйт. Менин оюмча, кыргыз тили дүйнөдөгү эң бай, байыркы тил, ар бир кыргыз баласында өз эне тилинде сүйлөгөнгө каалоосу күчтүү болушу керек. Канча тил билсең да ал эч качан ашыктык кылбайт, канча тил билсең, ошончо адамсың. Ал эми кыргыз тилин үйрөнүү- бул абдан кызыктуу. Кадамжайлыктар негизи кыргызча сүйлөгөн орустарды өтө урматташат. Мага ошонусу жагат. Кыргыз тилин суудай билгеним үчүн баары «кыргыздын орус баласы» деп жакшы таанышат жана сыйлашат. Ошол себептен Кадамжай шаары мага аябай жагат, бул жактан эч кайсы жакка кетким келбейт. Кыргыз тилин өнүктүрүү ар бир кыргыздын, ар бир кыргызстандыктын атуулдук парзы экендиги ар дайым көңүл төрүндө болушу керек! Эгер Кыргыз Республикасынын кайсы жараны кыргыз тилин жакшы билсе, ал адам эгемен Кыргызстандын жашап турушуна жана өнүгүп-өсүшүнө тилектеш деп түшүнсөк болот. Кыргыз тили качан төргө өтсө, кыргыздар дал ошондо гана өз өлкөсүнүн чыныгы кожоюндары болушат!»-дейт каарманыбыз.
Чынын айтсам, орус баланын кыргызча так, даана сүйлөгөнүн угуп, күнүмдүк тириликтин көйгөйүнөн чарчаган жан дүйнөмдө жакшы жылуулук пайда болду! Орустун чыканактай гана сары баласы томуктай башынын ичине тоодой кыргыз сөздөрүн батырганына, тоолук элинин кенен пейилине мактанып, кадамжайдын көркөмдүгүнө суктанып, чебердик менен сүйлөгөнү аябай жагымдуу угулуп, кубангандан көзүмө жаш келди.
Азыркы өнүгүшү өзгөрмөлүү мезгилде сүйлөнбөгөн тил жоголот, тилдин өркүндөшү токтойт деген акыр замандын келип калганын кабарлаган маалыматтар айтылууда. Аны мезгил көрсөтөт, аны мезгил билет. Негизи тил жоголбойт, эгер кандайдыр бир табигый же атайын жасалган зордукчул күчтөрдүн таасиринен жок болуу мүшкүлүнө кабылса, анын кайра жаралуу тагдыры кайрылбасы чыры жок чындык. Ошондуктан, азыр ар бир элдин ошол бир эле улуттун тили катары эмес, жалпы адамзаттын асыл кенчи, акыл-эси, кубанычы менен сыймыгы болуп саналарын эстен чыгарбашыбыз керек. Албетте, бизди башка жаныбарлардан айырмалап-адамдык касиетибиздин ажарын ачкан эне тилибиз эмеспи.
Шарапат Эгембердиева, Кадамжай району