СОХ ЭМЕС КОЖО-АШКАН ДАРЫЯСЫ ДЕП АТАЙЛЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстан өз аймагындагы гана мөңгүлөрү менен дарыя кураган уникалдуу, сууга бай өлкө. Алардын бирөөсү Кожоашкан дарыясы. Кичинекей Сох анклавынан агып өткөн дарыябыздын Сох деп аталып калышы өкүндүрбөй койбойт. Орто кылымдардагы жана жаңы доордогу Борбордук Азияга келген саякатчы географтардын Сох аймагына гана келиши жана кийинки советтик доордогу жер-суу аттарын картага түшүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдөн улам Кожоашкан дарыясын Сох дарыясы деп атап келдик. Анысы аз келгенсип Кожоашкан суусу тууралуу википедиядагы маалыматта Кожоашкан суусун Сохтун оң куймасы деп берилиптир. Мына ушундай жагдайлар мага Кожоашкан аймагы жана Кожоашкан дарыясы тууралуу маалымат чыгарууга түрткү берди.

Кожоашкан Түштүк Кыргызстандын Алай кырка тоосунун түндүк жагында жайгашкан кууш өрөөн. Түндүгүнөн жана Чыгышынан Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Куруксай – Кулдук тоосу, батышынан Зардалы ойдуңу менен чектешет. Курчаган тоолордун өрөөн жак беттеринде 26 дан ашык мөңгүлөр бар. 30дан ашык жылуу суу чыгат. Өрөөндү тең жарып Кожоашкан суусу агат.

КОЖОАШКАН ДАРЫЯСЫНЫН КУРАЛЫШЫ

Кожоашкан дарыясынын куралышы Этекайламадан башталып, Зардалы Суусу кошулган жерге чейин созулат. Куралуу узундугу 57 чакырым. Ал өтө майдаларын кошпогондо Кожоашкан аймагындагы он суудан куралат. Алар: жаңыдабан, акбор, жылуусуу, каргөш, гөмүш, ылайсуу, арчакороо, мазарөрлөшү, кулп.

Шайырбек Шеров, БатМУнун
социалдык-экономикалык.
кафедрасынын доценти

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *