Малдын ылаңы –адамдын ден-соолугуна коркунуч жаратаары анык. Ал эми мал ылаңдарынын арасында өмүргө коркунуч келтиргендерида арбын. Алардын бири-күйдургү(сибирь жарасы) Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркаткан илдеттин келип чыгуу себептери,белгилери менен таанышыныз.
1.Күйдүргү деген эмне?
Күйдургү (сибирь жарасы) Bacillus anthracis бактеиясынан келип чыккан жугуштуу оору. Бул жаныбарлардан адамдарга жугуучу инфекция. Анын бактериялары өтө күчтүү токсиндерди бөлүп чыгарат.Өмүргө коркунуч келтирип, өлүмдүн жогорку деңгээлин пайда кылышы ыктымал. Адамдарга инфекция жуккан жаныбарлардан же ылаңдаган жаныбардын этин, сүтүн колдонгондо жугушу мумкүн.
2.Бул оору кайда жүрөт?
Күйдүргү дүйнөнүн көпчулүк бөлүктөрүндө кездешет. Бирокалардын жугушу ар башка. Сибирь жарасы козгогучтары топуракта узак убакытка чейин жашыруун бойдон кала берет жана топурактын бети бузулганда кайра жанданышы мүмкүн. Мисалы , суу ташкыны, нөшөрлөп жааган жамгыр же жер көчкүнүн натыйжасында жанданат. Адатта, бактериялар жайыттын чөптөрү аркылуу жаныбардын курсагына киргенде кайрадан жашоосун улантат.
3.Мал жандыктарда оорунун белгилери билинеби?
Ылаңдаган малды 1-3 күн ичинде билсе болот. Аныны белгилери тез ачыкка чыгат. Адатта, ал 12-42 саат аралыгында, ал эми абдан тез өрчүгөн учурда бир нече саат, ал тургай бир нече мунөттө билинет. Оорунун белгилери ар түрдүү болушу ыктымал. Негизинен, дене табынын кескин көтөрүлүшү, дененин ар кайсы жерлеринде шишиктин пайда болушу, кепшебей калуусу, сүт түшүмүнүн кескин төмөндөшү, сүттүн өңү кызгылт түстө болуп, ачуу болусу менен билинет.
4.Оору кантип жугат?
Күйдүргүнүн козгогучтары дем алуу менен же денедеги кесиктер аркылуу организмге киргенде көбөйүп, токсиндерди чыгарат.
2.Мал жандыктардын азыгында да күйдургүнүн козгогучтары пайда болушу мүмкүн.Мындан улам, ылаңдаган малдын этин, сүтүн колдонууга болбойт.
3.Адамдар ылаңдаган малды союуда тактап айтканда анын каны, жүнү, сөөгү менен карым-катнашта болгондо жугузуп алат.
5.Күйдүргүгө каршы вакцина жокпу?
Вакцина бар. Ал адамдарга жана жаныбарларга иштелип чыккан . Малдын сибирь жарасына алдын ала көзөмөл кылуу үчүн вакциналар колдонулат.
6.Күйдүргүнүн кантип алдын алууга болот?
Мал жандыктарда илдеттин алдын алуу адамдын ден-соолугун коргойт. Эгрде ылаңдаган мал табылса, аны дароо зыянсыздандыруу керек.
-малдын өлүгүн коопсуз жок кылуу
-инфекцияланган обьектерди зыянсыздандыруу
-дарылоону баштоо
-тийиштүү учурларда башка жаныбарларды эмдөө
-Жугуштуу жаныбарлардын сөөгүн жок кылуунун эң жакшы жолу-өртөө.
Ооруну жуктуруп албоо үчүн бул эрежелерге маани берүү заарыл:
-Оорунун жайылышын, вирус жуккан жайларды эрте аныктоо.
-Инфекция жугушу мүмкүн болгон оорулуу жаныбарларды жана обьектерди жок кылуу.
-Мал союучу жайларда жана сүт заводдорунда тийиштүү санитардык –гигиеналык чараларды көрүү
-Адамдарда өздүк гигиенаны туура сактоо маанилүү.
7.Эгерде үй жаныбарында сибирь жарасы жаңы гана пайда болсо, анын этин жана терисин колдонсо болобу?
Күтүлбөгөн жерден жыгылган же ооруга шектүү малдын этин тамак-аш үчүн же башка продукция чыгаруу үчүн чыгарууга болбойт. Сибирь жарасы менен ылаңдаган малдын баардык бөлүктөрү, толук мүчө бою ветеринардык эрежелердин негизинде коопсуз зыянсыздандырылышы керек.
Башчы И.М.Таштанов