Назакат Халматова Баткендик медайым: “Тирүү калганыбызга бири-бирибизди кучактап, сүйүнүп да, ыйлап да турдук”
2022-жылдын 16-сентябрь айы. Ыйык жума күн, момун мусулмандар үчүн. Тообо кылып, Аллахымдан жакшылыктарды тилеп, бири-бирибизге жакшылык каалай турган куттуу күн. Ошол куттуу күндүн таңында эрте мененки багымдат намазын окумак үчүн саат 06.00 дө башымды саждага койдум. Намаз окуп жатып, кулагыма автоматтын токтобой атылган үнү угулду. Биздин үй чек арага жакын айылдын четинде болгондуктан кайсыл үн каяктан чыкканы даана билинип турду. Бул үн Достук айылы менен Көк-Таш тараптан чыгып жатканы анык эле. Дароо балдарды тургузуп, үйдөгү болгон документтерди түйүп, коопсуз айылдарга жөнөтүп жаттык.Үч үй-бүлөнүн 4-5 тен баласын коопсуз жерге жайгаштыруунун өзү оңой эмес болду.
Өзүм болсо телефондон тезинен директорго чалып, абалды айттым, тез жардамга чалып, ар кандай учурда даяр турууларын эскерттим. Шашылыш кийинип,ооруканага чуркадым.
Мындан эки күн мурда 14-сентябрь күнү саат 14-15 тер чамасында ок атуу болуп, 3-4 саатта токтогон болчу. Ай ошондо окуучу балдардын корккондору, көчө менен бир болуп ызылдап, ыйлап качкандарын көрүп жүрөгүм сыздаган. Кантип алдын алууга болбосун, бирөө жарым ошол тажиктердин окоп казып, даярданып жатканын сезгендир эле го. Каап балдарды мектепке барбай тургула дешсе болмок. Мен бул көрүнүштү сөз менен айтып да, жазып да бүтө албаймын. Аттиң деймин, андан башка айлам да жок. Адамдар эмес иттер да паана издеп, оорукананын короосундагы чоң арыктын ичи менен артын карабай качып баратышты…
Ушул ок атуулар канчанчы жолу кайталанышы, биринчи жолу эмес. Жеке оюмду эч кимге таңуулагым да келбейт, бирок ушунчалык кээде кейип кетемин бир айылга ушунча футбол талаасы зарыл беле? Ушул футбол талаасын салганча балдарыбыз эс алып ойной турган аянтча же ушундай кооптуу кырдаалдар болуп калганда балдар ыйлап көчө менен бир болуп качпай бекинип отуруп тура турган жер төлө салып койсо болбойт беле деген ойлор мээмди жеди. Качуу үчүн да унаа керек, элдин баарында эле унаасы жок. Унаасы барлар качты, унаасы жоктор, күйөөлөрү шаарда чиедей балдары менен үйдө отурган жаш келиндер ӨКМдин унаасы келгенче чак-челелекей, айыл ичи чаң тополонго түштү. Айланайын кыргыздарым, ушундай убакта бири-бирине көмөк көрсөтүп, эптеп айылдан чыгып кетишти.
14-сентябрь күнү, саат экилерде ок тийген эки жаран келди, келиндин абалы өтө оор, жол жабык, биринчи жардамды көрсөттүк, тез жардамдын фельдшери Каныбек кызы Гүлкайыр жана мээрбан эже Кожомуратова Шаадат болуп Раззаков шаарына алып жөнөштү. Мындай учурларда баардык медицина кызматкерлери бир муштум болуп иштейбиз. Калган мээрбандар керектүү болгон таңуучу материалдарды камдап, даярдап койдук. Эл кымкуут, жол толо машине, тездик менен айдаган тез жардам машинасы бара жатып, жолдон катуу чыга калган машинаны сүзүп албайын деп тормозду катуу басканда жарадарларды карап бараткан эки мээрбан тең сүрүлүп, жаракат алышкан. Жарадарларды күтүп алган Исфананын дарыгерлери биздин кыздарга да жардам көрсөтүп, экөөнүн тең абалы стационардык дарылоону талап кылганын айтышкан, бирок алар нөөмөт тапшыруу үчүн кайра келишкен. Абалдарын көрүп, бооруң ооруйт. Анда барып, үйүңөрдө эс алгыла дедим, бирок абалын көргөн күйөөлөрү врачтар жат деген болсо жатып дарылангыла деп, кайрадан Раззаков шарына жөнөтүшөт. Ошентип эки мээрбаным дарыланууга жатып калды. Атышуу токтоду, бирок негедир кооптуу болуп турду. Өкмөттүн үйүңөргө кайта бергиле тынчыды дегенинен эл кайра үйлөрүнө келип, тирилигин улап жаткан. А биз болсо мындай кырдаалга дайыма даяр болчубуз. Өзүбүзчө 4 топ уюштуруп койгонбуз, кандай гана кырдаал болбосун өз командаңды тап, топто, даяр бол деген. Ошол команда боюнча иш алып бардык.
Капысынан эле 16-сентябрь күнү атылган ок шаштыбызды кетирди. Бул жолкусунда тажиктер Самаркандек айылына үч тараптан ок жаадырышты. Самаркандек айылы башка айылдарга караганда тажиктер үчүн даяр бута экенин ушул бүгүн анык сездим. Бардык орто медициналык кызматкерлер саат 7 болбой бир кишидей ооруканада болушту. Керектүү таңуучу материалдарды даярдап, баарына даяр турдук. Октор зуулдап, ооруканага да тушө баштады, саат 11.00 дө директорубуз Атаханова Маидахан тез медиктерди коопсуз жайга көчүргүлө деген буйрук болду деп, баарын Ак-Татыр айылына алып жөнөдү. Бул жерде тез жардам гана калсын деген буйрук болду. Эсенов Сулайман ЖДТБнүн травматолог врачы өзү ушул айылдан болгондуктан кандай гана кырдаал болбосун дайыма биринчилерден болуп жардамга келет. Ошентип, врач Абдилатов Абдиманнап, травматолог Эсенов Сулайман, фельдшер Примкулов Таирбек, айдоочу Таштанов Мейтин, кароол Жороев Митал болуп, тез жардамда калышты. Менде бир гана ой калды, фельдшер жаш болсо кандай болот, кандай жок, мынча дарыны таштап, кантип кетем, жок эле дегенде ушул жерде жардамым тийсин, жаш фельдшерге жардам берейин деген ойдон чыга албадым. А.Абдилатовтун сен да кет деп урушканына баш бербей өз каалоом менен тез жардамда калдым. Октор токтобой үч жактан түшүп турду, ок тийген жарадарлар келе баштады. Кудайым жүзүн ары кылсын, калганы кинодогудай эле болуп кетти. Нараакта снаяддар жарылып жаткан, үйлөр күйүп жаткан, баш аламан, айыл ичи кымкуут болуп кетти. Жамбашына снаряддын сыныгы тийген Казаков Талгат 02.08.1997-ж.туулган аскер келди, жаратын таңып , кетонал уколук сайдык. Раззаков шаарына жөнөтөлү дегенибизге карабай – «Мен кетсем Төрт-Көчөнү алдырып коёбуз» деп, учкан бойдон кайрадан урушка кетти. Ушундай духу күчтүү балдардын бар экенине аябай сүйүндүк. Бизде да дух пайда болду. Сендей патриот баланы өстүргөн ата-энеңе рахмат балам дедим.
Бир убакта мээрбандар Үсөнова Урданабубу, Мурзалиева Авасхан, Абылкасым кызы Мыскал үчөө Ак-Татырдан кайра Самаркандекке келип калышты. Эмнеге келдинер десем-« Сиз жалгыз калдыныз, биз ылхак болдук»- дешти. Макул эми, сактай турган жалгыз Аллахым деп врачтарга жардам берип турдук. Саат экилерде силердин бул жерде турганыңар өтө кооптуу деп, аскерлер биздин айылдан чыгып кетүүбүздү эскертти. Ошондо баардык дарыларыбызды шейшепке ороп, тез жардамга салып, Жаны-Бак айылындагы бактын четине жайгаштык, анткени бир кадам болсо да аскерлер жарадарларды бизге тез жеткирип, тез кайтыштарына ыңгайлуу эле, биз убакыттан уткурбашыбыз керек болчу, ошондой кылдык. Биздин милдет-жарадар болгон солдаттарга 1- жардам көрсөтүү жана Ак-Татыр айылына жеткирүү, аскерлердин машинасын тез бошотуп, кайра айылга жөнөтүү. Ошентип саат төрттөргө чейин ошол жерде болдук. Биздин жардамыбыз аскерлерге жарадарларды тез машинадан бошотуп, убакыттан утуу. Машинанын ошол жерден тез кайтып жатканын көрүштүбү, байкаштыбы же туш келди эле атыштыбы эми эле бизге жарадарды таштап, эки машина эки жакка кетиши менен так маңдайыбызга оор артиллериядан атылган снаряд жарылды… Жер бир солк этип алгандай болду. Маңдайыбыздагы адырга түштү, туш тарапка снаряддын сыныктары чачырап, шашып калдык. Кудурети күчтүү кудайым өзү сактады, жарылган снаряддын сыныктары мөндүр жаагандай жалбырактарды илме тешик кылган. Ошентип башыбыз маң болуп турганда балам Баймат өкмөт менен бирге эки машина болуп келип калышты «Сиздерге жан керек эмеспи»- деп. А дегенче эле экинчи жарылуу болду, баарыбыз башыбызды бекитип, кулагыбызды кармап отуруп калдык. Ооба жан таттуу экен, корктук, аябай корктук. Кетпейбиз дегенибизге койбой балам, өкмөт болуп баардык дарыларыбызды машиналарга бөлүп салып, батпай калган замбилди колдоруна кармап бизди Ак-Татыр айылындагы Ала-Тоо кафесинин жер төлөсүнө алып барышты. Тирик жеткенибизге шүгүр деп, кыздар менен кучакташып, сүйүнүп да, ыйлап да турдук.
Ак-Татырда эл көп, Лейлек районунан 2 команда врачтар тез жардам машинасы менен келген. Бишкектен 2 травматолог жардамга келген, ал жерде бизге жумуш да жок болчу. Директорубуз силер бул жерде турбай Раватка барып, элге жардам бергиле дегенен биз тобубуз менен кеттик.
Ошентип качкындар жашоосу башталды.Үчкө бөлүндүк: төрөт бөлүмү , терапия жаңы ФАП ка,балдар бөлүмү эски ФАПка, кабыл алууну болсо мектепке уюштурдук. Мектепте врач Абдилатов А группасы менен сорттоп, керектүү жерге жөнөтүп турду. Ошол ФАП тарда күн-түн дебей мээрбандар иштеп турду.Түнкү нөөмөттөн чыккан мээрбандары айыл аралап, элдерди карап жүрүштү, анткени кары-картаңдар да өтө көп болчу. Самаркандек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Жаңы-Бак, Ак-Сай, Капчыгай айылынын элдери толугу менен ошол Рават айылына эвакуация болгон болчу. Эл ичи ызы-чуу, ооругандар андан көп, жаш-кары дебей баары стресске түшүп калган.
Ушул жерде баса белгилеп кетким келгени -орто медициналык кызматкерлер жана кенже медициналык кызматкерлер өз үй-бүлөсүн таштап, кадимки солдаттардай эл менен бирге болуп, аларга жакындан жардам берип, өз милдеттерин аткарып жүрүштү.Учурдан пайдаланып баарына терең ыраазычылыгымды билдирип кетемин!
Ошентип, 23-24 сентябрларда эл азая баштады, анткени эл ичинде кооптуу имиштер көп чыгып, Раватты да атышат экен деген сөздөр тарап, көпчүлүк эл Баткенден ары башка айыл райондорго көчө баштады. Эл деген-сел экен. Бири билип, бири билбей өз алдынча эвакуация башталды. Качкындар эле эмес Раваттын туруктуу элдери да үйлөрүн таштап, Бишкекке чейин кетип жатышты. Күнүгө 4-5 спринтер унаасы менен ылдый карап эле кетип жаткан эл. Карап турган адамга өтө эле коркунучтуу болот экен.
Раватта кимдер калды-бей бечаралар, унаасы жоктор жана медицина кызматкерлери эле калды. Же Раватта тура бергиле деген же Самаркандекке келип жумушуңарды жасай бергиле деген буйрук жок, эч ким кепилдик бере албай, арсар күнгө калдык. Мындайда эч ким жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт экен. Ошентип оозеки буйруктун негизинде 26-сентябрдан баштап ар кимибиз өз жумушубузду баштадык. Алиге чейин жарылбай калган снаряддарды соперлор жайында жардырып жатышат. Ушунчалык жөндүгүбүзгөбү же бирөөгө жамандык каалабаганыбыз үчүнбү кыргызымды Алла таалам өзү сактайт да, эмесе ошончо снаряддын баары жарылса айылдын күлү көккө сапырылмак.
Супсак жашоо, айылда аялдар, балдар жок. Жалан гана эркектер, алар дагы шаарда үйү жок, бара турган жери жок бей-бечаралар. Колунда барлары, шаардан уй алып көчүп кетишти, азын оолак өрүктөрүн сатып үлгүргөндөрү акчасын алып, жок дегенде убактынча квартира алып көчүп кетишти. Айыл тып-тынч, адам жок. Айылда калган жаш жигиттер, улгайган эркектер түнү менен сактыкка кордук жок деп күзөөттө турушат, күндүзү укташат.
Айылдын көркү адамдар менен экен, коркунучтуу көрүнүп калат экен, жалгыз адам көчөдө жүрүүдөн коркосун.
Айла жок медиктер иштеп журөбүз. Бирин-серин адамдар келе баштады. Көчөдө бирөө жарым көрсөк сүйүнүп, ал акыбал сурашып калабыз. 5-ноябрь күнү Кыргызстан боюнча ишембилик күнү болсун дегенин бирибиз калбай баарыбыз келип, көчөнү тазалоодон баштадык. Келгиле бизге карабаган жерлерге да суу сээп, көчөдө туш келди ташталган таштандыларды тазалап аз болсо да элдерге кубаныч тартуулайлы деп чечтик. Өзүбүзгө өзүбүз дем берип, көңүлүбүздү көтөрүп, көчөнү тап-таза кылып койдук. Анда-санда өтүп калган машиналардын ээлери бизди көрүп, ыраазы болуп, рахматтарын айтышты.
Иштеп жүрөбүз, балдарыбыз, неберелерибиз ар жакта. Же биз бара албайбыз, же алар келе алышпайт айылга, Ноокатка чейин кетишкен, аябай сагындык. Айылга келишке али уруксат жок. Эч ким кепилдик бере албады. Жаш балдар баары бир кыйналып кетишти, 20 күн ашык жүргөндөн кийин мен неберелеримди алдырып алдым. Балдарда да жүрөк калган эмес, тарс деген эле үндү укса коркуп үйгө качып жашынып калышат.
Мына ушинтип, балдар келгенден бери кайрадан уйку качты, анткени кайсы убакта тарс деген үн чыга калат, каякка карап качабыз деп.
Мына ушундай, кыскача гана бир ай ичинде көргөн күнүбүз. Бир ай ичинде он жылга карып кеттим окшойт.
Биздин айылда мал багуу да кыйын, жайлоого айдап чыгуу үчүн тажиктердин Ворух айылынан өтүүгө туура келет. Көпчүлүк кыргыздардын малдарын тажиктер уурдап кетишти. Өлгөндөн калгандарын арзан-арзан сатып жиберишти.
Ач болсок да, кийимибиз жупуну болсо да тынч бололу!
Бизге тынчтык керек!
Ушул күндөр, ушул окуялар өмүр бою эстен кетпес болуп, түбөлүккө жүрөгүмдө сакталып калды!
Самаркандек ЖДТБнун башкы медайымы: Халматова Назакат Арзыбековна.
Медайымдардын да кызматын бийлик бааласын