2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин абанын температурасы 28°Cтан жогору болгон күндөрү, саат 10:00дөн 20:00гө чейин 18 тоннадан ашык жүк ташыган оор жүк ташуучу унааларга өлкө аймагындагы бардык жолдордо жүрүүгө убактылуу тыюу салынат.
Бул чечим Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан кабыл алынып, негизги максат — ысык аба ырайында жолдордун бузулушунун алдын алуу.
Чектөө төмөнкү унааларга тиешелүү эмес:
Гуманитардык жүк, тез бузулуучу азык-түлүктөр жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар
Атайын уруксат менен ири жүк ташуучу унаалар
Жол куруу жана оңдоо иштерине тартылган унаалар (ордер менен)