Транспорт министрлиги жол салуучу компанияларга 22-октябрга чейин тендер жарыялады. Жолдун жалпы узундугу — 4,2 чакырымды түзөт.
Компаниялар келишим түзгөндөн кийин жумушун бир жыл ишинде бүтүрүшү керек.
Буга чейин Садыр Жапаров Баткендин алыскы айылына барып, Зардалыга кеткен жол салынарын билдирген эле.