



Мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган облустук иш чарага, Баткен облусунун аймагынан 150 мугалим чакырылды.
Майрам ээлерин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев куттуктап, алдыңкы мугалимдерге сыйлыктарын тапшырды.
Облус башчысы өз сөзүндө “мугалимдер-учур талабына жараша ой жүгүртүп, заман агымына шайкеш билим берүү менен катар, элибиздин улуттук баалуулуктарын сактоого да өзгөчө маани берип келесиздер. Андыктан бүт дараметин балдарга арнаган чебер окутуучулар көп экени сыймыкка бөлөйт.
Ар бир баланын пайдубалын түптөгөн улуу касиетиңиздерден жазбаңыздар.
Билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кала берет.
Мугалимдерди колдоо улана берет” деп белгиледи.
Бул күнү мугалимдерге бир катар мамлекеттик жергиликтүү бийлик органдарынын,тийиштүү министрликтердин сыйлыктары, белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды.
Учурда облус аймагында 258 мектепте 117миң 582 окуучуга 8470 мугалим берип келет.




КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы