Муниципалдык соода-сатык комплексин куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасынан 15,0 га жер тилкесин бөлгөн. Аталган соода борбору ишке берилсе 2500дөн 3500гө чейин жаран жумуш менен камсыз болот. Долбоордун жалпы суммасы 250,0 млн сомду түзөт.
Бул каражат республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен каржыланууда.
Бүгүнкү күндө соода-сатык комплексинин “А” бөлүгүнүн пайдубалы түптөлүп, фермасы жасалды, учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Анын курулушу күз айларына бүткөрүү пландалган.
Ал эми 2024-жылга карата муниципалдык соода-сатык комплексинин “Б” бөлүгүнүн курулушуна даярдык көрүү жана казуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын аягына “А” жана “Б” блогун ишке берүү аракети жүрүүдө. Негизи обьект үч сектордон турат.
Соода борборунда кийим-кече, азык-түлүк, айыл-чарба, курулуш материалдар борборлору, тамактануу жана тейлөө жайлары, унаа базары, унаа токтоочу жайлары болот.
Аймакка электр энергиясы жеткирилген, таза суу жана сугат суу жеткирүү иштери жергиликтүү бийлик менен инвесторлордун биргелешкен аракети менен ишке ашууда.
Аталган соода сатык борборун куруунун негизги максаты, ишкерлерге заманбап шарт түзүү, шаар ичиндеги мыйзамсыз соода сатыктарга бөгөт коюу, борбордук көчөлөрдө автоунаа тыгындарын азайтуу менен, шаардын инфраструктурасын чыңдоо, жергиликтүү бюджетти өстүрүү.
Эске сала кетсек, аталган долбоордун курулушу 2023-жылы октябрда башталган.