Садыр Жапаров Кыргызстандан чыгып жаткан паспортторго толук өтүү үчүн ID карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүрөрүн билдирди
Президенттин айтымында, акция 1-июлдан 31-августка чейин уланат.
Жапаров “Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине 1-июлга даяр болушу керектигин эскерткен. 31-августтан кийин мурдагыдай баа менен, тагыраагы, 600 сомдон алмашылат.
Жалпы жарандык паспортторду (чет элдик) бекер алмаштырганга азырынча мамлекеттин күчү жете электигин айткан.