Ысык-Көлдөгү сел 5 пансионатты каптады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ысык-Көлдөгү сел 380 үйдү, 11 дүкөн, 5 пансионатты каптады

Андан тышкары, 13 чакырым ички жолду, 1 чакырым негизги жолду алып кеткенин ӨКМден кабарлашты.

Селден Корумду айылы көбүрөөк жабыркаган. Ылай суу 300дөй үйдү, 5 дүкөндү, 3 пансионатты каптаган.
Темир, Булан-Сөгөттү айылдарында да сел жүргөн. Бостериде канча объект жабыркаганы азырынча айтыла элек.

Сел суусу “Аврора”, “Автора+”, “Нептун”, “Симирам”, “Карвен Ысык-Көл” эс алуу жайларына кирген.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 358 киши жана атайын техника тартылган.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *