БАТКЕН БИЙЛИГИ 90 ЖАШТАГЫ ЭНЕГЕ ҮЙ КУРУП БЕРДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

90 жаштагы Ташбүбү Абилова, 54 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен, туруктуу жашаган жайы жок, ар кайсы айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген.
Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон.
Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, мындан эки ай мурда аларга турак жай курууну колго алган. Алгач облус башчысынын тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилген.
Облус башчысынын үй куруу демилгесин Баткен облустук мекеме ишканаларынын жетекчилери колдоп, ыктыярдуу салым кошушкан. Натыйжада эки ай аралыгында үч бөлмөлүү заманбап, бардык шарты бар үй курулуп бүттү.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, үйдү турмуш тиричиликке керектүү буюмдар менен толуктаган.
Бүгүн турак үйдү ээлерине салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, айыл тургундары катышты.
Айыл аксакалдары жетекчилердин биргелешкен аракетин жогору баалап, ак баталарын беришти.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *