ТАЖИКСТАНГА 14 БУКАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ ӨТКӨРҮП ЖАТКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз-тажик чек арасында тактап айтканда Лейлек районунун Максат айылынан анча алыс эмес Сарай аймагында коңшу өлкөгө контрабадалык жол менен баасы үч миллион сомдук бодо малдарды өткөрүп жаткан кыргызстандык жаран кармалды.
КР Баткен облустук УКМК башкармалыгынын 6-регионалдык бөлүмүнүн жана Лейлек райондук ИИБ, “Максат” чек ара заставасынын, аскер бөлүктүн ыкчам ишмердик бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын чалгындоо иш-чараларынын натыйжасында, кармалган жаран Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну 1971-жылы туулган Райимкулов
Абдиваит экендиги белгилүү болду.
Райимкулов Абдиваит алдын ала тажик жарандары менен өз ара келишип, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан багылган 14 баш бука алып келип, Тажикстан менен тактала элек чек арадан коңшу өлкөнүн жарандарына өткөрүп берип жаткан жеринен кармалды.
Түнкү саат бир отуздар чамасында болгон окуя боюнча, “Максат” чек ара заставасынын башчысы тарабынан тийиштүү иш кагаздар түзүлүп, кылмыш ишин козгоо боюнча Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришти.
Такталган маалыматтарга таянсак түнкүсүн чек ара кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда үч бодо мал тажик тарабка өтүп кеткени маалым болду.
Смотреть статистику
Продвигать публикацию
Нравится

 

Комментировать
Поделиться


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *