Ак-Турпакта “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө бир уурулуктун бети ачылды.

Соц.тармактарда бөлүшүү

 

Кадамжай РИИБдин “Жаникул Садиров” атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылынын 43 жаштагы тургунун арызында көрсөтүлгөн акжуваздан белгисиз адамдар тарабынан уурдалган 440кг болгон, базар баасы 110миң сомдук күрүчтү, тактап айтканда уурулук фактысынын бетин ачты.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну Баткен шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *