Бүгүн, 28-ноябрда Баткен облустук статистика башкармалыгы “ Статистика бардыгы үчүн деген темада Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.
Иш чараны Баткен облустук статистика башкармалыгынын жетекчиси Сабырбек Ысмайылов ачып, Баткен облустук статистика башкармалыгы берилген статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу үчун тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды айтып өттү.
Бул күнү облустук статистика башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери келген конокторго Кыргыз Республикасынын Статистикасынын тарых-таржымалын, иш жүргүзүү тартиби боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле статистикалык маалыматтарды камтыган маалыматтар жайылтуунун заманбап методдору, орточо айлык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, соода-сатык, айыл чарба тармактары жөнүндө бир катар презентацияларды сунушту.
Жыйын облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттердин катышуусунда өттү. Мындай жыйын кызыктыруучу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.