БАТКЕН: АКЫЙКАТЧЫ ЖАРАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун эли менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга жергиликтүү бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, жарандар тарабынан берилген суроолорго жеринде жооп берилип, бир топ маселелердин чечилүүсүнө шарт түзүлдү.
Тургундар көбүнчө турак жай үчүн жер алуу, этникалык кыргыздар кайрылман статусун жана кыргыз жарандыгын алуу, медициналык акысыз кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетүү, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө жеңилдиктерди кароо өтүнүчтөрү менен кайрылышты.
Жамиля Жаманбаева жергиликтүү жетекчилерге, жарандардын укуктук жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырып, жыйында айтылган маселелер боюнча Акыйкатчы институту иш алып бараарын айтты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *