Садыр Жапаров Ош шаары менен Ош облусунда селден жабыркагандарга мамлекет жардам берерин айтты
“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла. Жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”, — деген президент.
Ал элди турак жайын камсыздандырууга чакырган. Мындай учурда сел, жер титирөө, өрт сыяктуу кырсыктардан жабыркаган үйдү мамлекет толук калыбына келтирип берет. Президент камсыздандырууга көп деле акча кетпей турганын белгилеген.
Садыр Жапаров селди алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштери башталганын кошумчалады.