▪️Айбек Жунушалиев жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү
▪️ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлер да көрсөтүлгөн.
ӨКМ аталган көл учурда коркунуч жаратпай турганын маалымдаган
▪️Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбай турганын, бирок тобокелдиктердин булагы боло турган тайыз көлдөр бар экенин айткан
▪️Ал болжол менен июлдун ортосу жана августтун башы сел кооптуулугу күчөгөн учур экенин божомолдогон. Ошондуктан кырдаалга мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кызматтары тарабынан тийиштүү иштерди улантуу керек
▪️Жыйында мэр ӨКМ, Илимдер академиясынын адистери менен Ала-Арча капчыгайынын үстүнөн учуу чечимин кабыл алды
▪️Жетекчилерге атайын техника бере ала турган курулуш уюмдарынын күчүн, каражаттарын изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди
▪️Төрт райондун акимдерине кооптуу аймактарда күзөт уюштуруу тапшырылды