СҮЛҮКТҮДӨ ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТҮҮДӨ

Соц.тармактарда бөлүшүү

 Шахтер жолу  редакциясы билдиргендей ага  Өзбекстандан 300 дөн ашык жаш спортчулар катышты. Нурбек Баратов атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Сүлүктү шаарынын мэринин кубогу үчүн IV Эл аралык турнир өтүүдө. Спорттук мелдешти Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров ачып, жаш балбандарга ийгилик каалады.
Кыргызстандын түрдүү аймактарынан жана коңшу Өзбекстандан келген 300 гө чукул жаш спортчу 14 салмак категория боюнча күч сынашууда.
– “Андижандан 6 спортчу алып келдим. Азыркы учурда спортчуларыбыз жакшы оюн көрсөтүп жатышат, иш-чара да жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ушундай спорттук иш-чаралар көп болуп тура берсин, биз да келгенге аракет кылабыз.” – дейт Өзбекстандын Андижан облусунан келген машыктыруучу Ойбек Рахмонов.
Үч күнгө созулган спорттук иш чарага Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору тарабынан 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөнү маалым болду. Мелдештин финалдык таймашы 12-июнь күнү өтмөкчү.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *