Баткенде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй, көмүскөдө иштеп жаткан диний окуу борбору жабылды.
УКМК Раззаков шаарында жайгашкан диний борбор аялдарды окутканын, жалпысынан 60 окуучу болсо, алардын 40ка жакыны өспүрүм болгонун айтты.
Борбордон алынган диний адабияттар боюнча экспертиза дайындалды.