Президент Садыр Жапаров Кытайдын “Синьхуа” агенттигине маек курду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапардын астында “Синьхуа” маалымат агенттигине маек курду.

Анда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” жана “Бедел” өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу тууралуу пикирин билдирген. Ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасы боюнча токтолгон

“Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”,- деди президент.

Белгилей кетсек, Жапаров 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапары менен болот


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *