Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева белгилүү саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковадан кабар алды. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атынан жардам катары 100 мң сом тапшырды. Элмира Исхаковна жакында операция болгонун, абалы жакшы экендигин айтып, төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди. Эл өкүлү Камила Талиева улуу инсандын кызы менен кеңири баарлашып, өзүнүн атынан дагы белектерди тапшырды.