«Поле чудес» көрсөтүүсүнө катышып, Якубовичке калпак кийгизген биздин айым жөнүндө билесизби?

Соц.тармактарда бөлүшүү

“Поле чудес” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Леонид Аркадьевичке калпак кийгизип, комуз тартуу кылган Шахсанам Азаматова Лейлек районунун Раззаков шаарынын тургуну экендигин көптөр биле бербесе керек. Учурда үй-бүлөсү менен Россияда жеке ишкерлик менен алектенген кыргыз жараны Шахсанам Азаматова, Рождество майрамынын салттуу тамагы тууралуу кызыктуу суроолорго туура жооп берип, экинчи үчилтиктин жеңүүчүсү болуп табылган.
Шахсанам Азаматова “Поле чудес” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Леонид Аркадьевичке кыргыз комузун белекке берип, чепкен жаап, калпак кийгизди. Мындан тышкары кыргыздын улуттук тамак-аштары менен таттууларын да тартуулады.
Кыргыз жаранынын чет өлкөдө жүрүп, кыргыз мамлекетинин баалуулуктарын, улуттук сыймыктарын даңазалашы милиондогон көрүүчүлөр үчүн жагымдуу маанай тартуулады.
Шахсанам Азаматова Раззаков шаарындагы А. Новои орто мектебинен билим алууну баштап, кийин Исфана орто мектебин аяктаган. Орто мектепти артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн Шахсанам Азаматованын атасы айтылуу Самат колхозунун эсепчиси болгон. Эсеби так, принциптүү адилет иштеген Азаматов Абдулаким эсепчини элдин баары жакшы билчү жана сый урмат көрсөтчү.
Негизи балдарымды бак дөөлөттүү жашоосун кааласаң эң ириде таалим-тарбияны жакшы бериш керек. Ашыкча эркелетпей, ошол эле учурда адамгерчиликтин көп сырларын да үйрөткөн Абдулаким Азаматов уул-кыздарынын да мектепеги билиминен баштап, үйдөгү жүрүш-турушуна чейин өзгөчө көзөмөл жүргүзчү. Ошондуктан Абдулаким Азаматовду жердештери Сталин деп да аташчу.
Кайра Шахсанам Азаматованын “Поле чудестеги” атаандаштары жана Леонид Якубович менен болгон окуяларына кайра келсек, кыргыздын улуттук комузун, калпак, чепкени, тамак аштары менен кошо улуу инсан Исхак Раззаковдун китебин да тапшырганын айтат. Болгону Орусиядагы эл аралык деңгээлдеги популярдуу көрсүтүүнүн убактысы чектелүү болгон үчүн, бардыгын батырууга мүмкүн болбой калган.
Айтмакчы Шахсанам Азаматованын балдары дагы дүйнөгө таанылган өспүрүмдөр. Уулу Шакиров Ңвуш бий боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Питер шаарындагы балдардын тандалма командасынын капитаны экендигин да айта кетели.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *