БАТКЕН РАЙОНУ БОЮНЧА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮ СИЗДЕРГЕ КЫРСЫКСЫЗ МАЙРАМ КААЛАЙТ!

Соц.тармактарда бөлүшүү

Урматтуу Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары сиздерди алдыда кирип келе жаткан 2025-жаңы жылыңыздар менен чын-дилибизден куттуктайбыз! Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүдө мектептеби, ишканадабы же үй бүлөңүз менен болобу өрт коопсуздук эрежелерин сактаңыз. Жаңы жылдык балатынын жанында пиротехникалык буюмдарды колдонбоңуз.

ПИРОТЕХНИКАЛЫК БУЮМДАРДЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ КООПСУЗДУК

Пиротехника- (пиротехния) – белгилуу бир белгини же эффектти алуу үчүн күйүүчү курамдарды даярдоонун жана күйгүзүүнүн технологиясына байланышкан техниканын тармагы; Анын түрлөрүнүн бири – көнүл ачуучу болуп саналат. Негизинен булар фейерверктик буюмдар- петардалар, бенгал шамдары, тарс этмелер, ракеталар, фонтандар, салюттар. Эгерде Сиз шаан-шекет пиротехникасын майрамдоо, кайсы бир салтанат үчүн колдонууну пландаштырып жатсаңыз, анда маанилүү маалыматты эстеп калыңыз:

 

Пиротехникалык буюмду тандоо:

  • Колдон жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз!
  • Пиротехникалык буюмдарды сатып алып жатып, кунт коюңуз, шайкештик сертификатынын, мамлекеттик тилдеги нускаманын бардыгын, жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз.
  • Бардык пиротехникалык буюмдар менен иштөөгө киришип жатып, өтө кунт койуу менен алардын нускамалары менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуздук аймактарына өзгөчө көңүл буруңуз.

 

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги чаралары:

  • Пиротехникалык буюмдарды пайдалануудан мурда фейерверкти сиз кайсы жерде жүргүзөсүз, кандай пиротехникалык буюмдарды пайдаланасыз жана аны көрсөтүүнү кантип уюштурасыз.
  • Фейерверк үчүн орунду тандаңыз. Эң мыкты жер болуп бул үчүн ачык кенен аянт- короо, сквер же курулуштары жана бак дарагы болбогон ачык жер эсептелинет.
  • Тандалган жерди тыкандык менен карап чыгыңыз, жакын жерде (100 метр тегеректе) өрт коркунучу бар объектилер, автомобилдердин токтоп туруучу жайы, жыгач сарайлар жана гараждар ж.б.у.с. болбошу керек.

Эгерде сиздин короо чакан жана тар болсо, анда сиз чектелген ассор­тимент менен, негизинен жерге жакын аракет кылган буюмдар менен пайдалансаңыз болот: петардалар, тарс  этмелер, оттуу айлампалар жана дөңгөлөктөр менен, бирок эч качан жогору учкан буюмдар- раке-

талар, көпөлөктөр жана башкалар пайдаланылбашы керек.

Аларды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга таптакыр ТЫЙУУ САЛЫНАТ: алар терезеге же форточкага кирип кетиши мүмкүн, чердакка же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуураак жерди табууга аракет кылыңыз.

 

Таптакыр тыйуу салынат:

  • Салюттарды колдон учурууга (тарс этмелерден, бенгал отторунан, фонтандардын айрым түрлөрүнөн тышкары) жана алар иштеген 2 мүнөт ичинде жакындоого.
  • Аларды пайдалануу учурунда анын үстүнө эңкейүүгө.
  • Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка бардык аракеттерди жасоого, ошондой эле даяр буюмдарды чачууга жана кайра өзгөртүүгө.
  • Пиротехниканы жабык жайларда, квартираларда, офистерде колдонууга( жабык жайларда колдонууга руксат берилген таре этмелерден, бенгал отторунан жана фонтандардан башка).
  • балдарга өз бетинче пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүгө.
  • суу болгон пиротехникалык буюмдарды жылыткыч приборлордо-жылуулук бата реяла рында, жылыткычтарда ж.б. кургатууга.

 

Эгерде күйгүзүлгөн петарда атылбаса, аны ачпагыла! Аны    үңүлүп карабагыла, кулака тыңшабагыла-так ошол  учурда ал жарылып кетиши мүмкүн.

 

Сиздерге жайдары жана коопсуз майрамдарды каалайбыз!

 

Сиздерге эскерте кетсек кокусунан өрт болгон учурда сөзсүз түрдө «101» же «112» телефон номерине кабарлаңыз.

 

Баткен  району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы  майор  Куштарбек Мамадаминов


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *