Облустук милиция билдиргендей, Кара-Суу районунун Каратай айылында окуучу жыгылып түшүп көз жумганы тууралуу маалымат 12-февралда түшкөн.
Териштирүү учурунда күбөлөр №39 орто мектептин окуучулары уруша кетип, 9-класстын окуучусу сабалып, эсин жоготуп кулап калгандыгын айтышкан.
Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) боюнча иш козголуп, тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 9-класстын окуучусун сабаган делип ошол эле мектептин Р.Н. аттуу 18 жаштагы окуучусу кармалган.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.