Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчиликке шектүүлөр кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылдын 13-февраль күнү “Кызыл-Кыя” чек ара заставасынын аймагындагы Кызыл-Тоо жергилигинде Кыргыз Республикасынын чек ара кезмети менен Өзбек Республикасынын чек ара кезметинин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, аткезчилиликке шектелип, эки жаран кармалган.
Алар Кадамжай районунун А.Масалиев айылынын 1990-жылы туулган тургуну Темирбаев Таирбек Коңурбайуглы жана Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Фаязов Нурлан Алишеровичдер экени аныкталды.
Кармалган жарандар, дары дармек жана турмуш тиричилик буюмдарын Кыргыз Республикасынан Өзбек Республикасына өткөрүп жаткан.
Жүктүн болжолдуу баасы 158 016 сомду түзөт.
Азыркы учурда кармалган жарандардын жана жүктүн тийиштүү иш-кагаздарын тариздеп, компетенттүү органдарга өткөрүп берүү иш-чаралары жүрүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *